Кыргыз тили by Гуля Эшмуратова

Кыргыз Республикасынын символдору

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу келтирилген үлгүгө ылайык тик бурчтуу кызыл кездемеден даярдалган, анын ортосунда тегиз чачыраган кырк нурлуу сары түстөгү тегерек күн алкагынын сүрөтү жайгаштырылган, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгү тартылган.
Элдин оймо-чийме маданиятында Күн – жарыкты, ачыктыкты, жашоого туруктуулукту билдирет. Анын от жалынына окшогон кырк нуру – бул бир эл катары бириктирилген кырк уруу.

«Түндүк» – сфера формасындагы конструкция, кыргыз боз үйүнүн төбөсүнө орнотулат жана жарык кирүүчү терезе болуп эсептелет. Түндүктүн тегерек алкагы кайчылаш бириктирилген чамгарактан турат. Түндүк асман менен жерди байланыштырат, үй кутунун символу катары кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунда күн менен айкаштырылган түндүк Кыргыз Республикасында – тоолуу өлкөдө ынтымактуу жашаган бардык элдердин биримдигин билдирет.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун туурасы анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун туурасынын бештен үчүн түзөт. Күн менен нурлуу алкактын диаметринин катышы – бештен үчтү түзөт. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымын түзүп турат.

Гербде канаттары жайылган Манастын шумкары чагылдырылган, бул өлкөнүн эркиндигинин символу. Ошондой эле Кыргызстандын акагы болгон Ысык-Көл чагылдырылган, аны Ала-Тоонун аскалуу бийик кырка тоолору курчап турат. Күн жаркыраткан тоонун чокулары кыргыз элинин ак калпагы сыяктанат. Авторлору: А. Абдраев, С. Дубанаев.турат.
1994-жылы 14-январда Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкардын сүрөтүнөн, көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн, тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган "Кыргыз" жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган "Республикасы" деген жазуудан турат.
1994-жылы 14-январда Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 20-декбрында кабыл алынган.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы символдорунун бирин – Кыргыз Республикасынын туусун жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн.

Ошондой эле кабыл алынган Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат, ал эми автотранспорт каражаттарынын номердик белгилери жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин колдонулат деп каралган.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни — Кыргызстандын туусу жана герби сыяктуу эле мамлекеттик символикаларынын бири.
1992-жылы 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин № 1141-XII токтому менен бекитилген.

Сөзүн Жалил Садыков, Шабданбек Кулуев, музыкасын Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.

Башында гимн үч аяттан жана кайырмадан түрүп, кийинчирээк 2012-жылдын 27-декабрындагы No 2648-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенештин токтому менен экинчи куплети алынып салынган.[1

Гимнин расмий колдонуу тартиби
Кыргызстандын гимнин расмий колдонуу тартиби 2004-жылдын 17-июлундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Мыйзамда белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни - аткарылуучу музыкалык-поэтикалык чыгарма болуп эсептелет.

Кыргыз Гимни оркестрдик, хордук, оркестрдик-хордук, болбосо вокалдык жана аспаптык вариантта аткарылышы мүмкүн. Мында үн- жана видеожазууну, ошондой эле теле- жана радиоберүү каражаттарын колдонсо болот. Мында үн- жана видеожазууну, ошондой эле теле- жана радиоберүү каражаттарын колдонсо болот.

Кыргыз гимни вокалдык жана вокалдык-аспаптык аткаруу учурунда толук аткарылат, ал эми аспаптык аткаруу учурунда Гимн жарым-жартылай - биринчи куплети жана кайрымасы гана аткарылууга жол берилет.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни расмий аткарылганда катышып жаткандар аны турган бойдон угат (улуттук баш кийимди жана диний ынанымдары жылаңбаш туруу сыйлабоо актысы катары каралган адамдардын атайын баш кийимин албаганда - эркектер баш кийимсиз), мында Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин ырдайт жана оң колун төшүнүн сол ыптасына коюп турат.

Эгерде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун көтөрүү менен коштолуп аткарылса катышкандар туу көтөрүлгөн тарапка жүзүн буруп турушат.

Мамлекеттик гимни төмөнкүдөй учурларда аткарылат:

Расмий тексти
Ак мөңгүлүү аска, зоолор, талаалар,

Элибиздин жаны менен барабар.

Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,

Сактап келди биздин ата-бабалар.

Кайырма:

Алгалай бер, кыргыз эл,

Азаттыктын жолунда.

Өркүндөй бер, өсө бер,

Өз тагдырың колуңда.

Аткарылып элдин үмүт тилеги,

Желбиреди эркиндиктин желеги.

Бизге жеткен ата салтын, мурасын,

Ыйык сактап урпактарга берели.

Кайырмасы