Абанын булганышы жана жашылдандыруу. by Айпери Нусубалиева

Абанын булганышы.
Абанын булганышы — кишинин тиричилигинин натыйжасында калк отурукташкан жайлардагы аба составынын өзгөрүшү. Калк отурукташкан жерлерди көрктөндүрүү (асфальттоо, жашылдандыруу, санитариялык тазалоо) начар болсо, шамалдан, транспорт жүргөндө, киши басканда чаң көтөрүлүп абаны булгайт. Суук мезгилде үйдү жылытуу үчүн меш жагылганда мор аркылуу абага түтүн, көө жана башкалар бөлүнүп чыгат. Андан тышкары ири шаарларда өнөр жай ишканаларынан, транспорттон чыккан газ, чаң, буу дагы башка ушул сыяктуудан аба булганат. Кийинки мезгилде автотранспорттордун саны өсүп, алардын кыймылдаткычтары бөлүп чыгарган зыяндуу заттар абаны көбүрөөк булгоод Ошондой Алсак, айрым маалыматтар боюнча 1 миң автомашина бир күндүн ичинде 3,2 т көмүртек кычкылын, 200—400 кг чала күйгөн отун продуктуларын, 50— 150 кг азот бирикмелерин абага бөлүп чыгарат. Абанын булганышы кишинин (жаныбарлардын) ден соолугуна, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө -зыяндуу таасир тийгизет. Мындай булганган абада жашаган кишилердин ден соолугуна зыян келтирилип, айрым оорулардын саны көбөйүп, өмүрдү кыскартат. Абадагы зыяндуу заттар жана чаңдар организмге өпкө аркылуу киргендиктен, биринчи кезекте дем алуу органдары жабыркайт. Ошондуктан өпкөнүн, жогорку дем алуу органдарынын оорулары (бронхит, бронх астмасы, сезгенүү жана башка) көп кездешет, ошондой эле алардын рак оорусу да көбөйүүдө. Абадагы чаң, түтүн, ыш күн нурунун, андагы ультракызгылт көк нурдун өтүшүн азайтып, организмдин ар түрдүү ооруларга туруктуулугун төмөндөтөт. Абанын радиоактивдүү заттар менен булгануусу кишинин ден соолугу үчүн өтө зыяндуу. Ошондуктан, абаны булгануудан сактоого багытталган чаралар өтө чоң мааниге ээ. Ал үчүн Советтер Союзунда табиятты коргоо мыйзамынын негизинде тийиштүү чарбалык жана санитариялык чаралар жүргүзүлүп, оң натыйжаларды берүүдө, ошондой эле Абаны тазалоо, Абаны санитариялык коргоо.

Таштандылар.
Азыркы учурда абанын булганышы глобалдуу көйгөйлөрдүн бири. Бул маселени жок кылуу үчүн айланабызды жашылдантып, бак-дарактарды олтургузушубуз керек. Ар бир жаран өзүнө жоопкерчиликтүү болуп , таштандыларды айлана-чөйрөгө тыштабай , аларды таштанды иштеп чыгара турган заводторго  чогултуп тапшыруу керек.

Жана ошондой эле абанын  булганышына автоунаалардын көптүгү да залакасын тийгизет.

Жашылдандыруу
Сен таза болсоң, мен таза болсом коом таза болот- деп И.Раззаков айткандай айланабыздын тазарышына ар бир адам өздөрү жоопкерчиликтүү болуу абзел. Жерибизге көптөгөн дарактарды олтургузуп , айланабызды таза кармасак , биздин коомубуз таза жана кооз болот. Автоунааларды азайтууну мамлекет көзөмөлгө алыш керек.

Таза аба.
Мекеним кооз,көркөм сулуу талаасы,

Таза суусу, жыттуу гүлү, абасы.

Бул кооздукту сактаганга милдеткер,

Ар бир жаран, ар бир кыргыз баласы.

Өз мекенди , ата-журтту барктайлы,

Жашылдантып ,дүйнөгө биз даңктайлы.

Кичинекей жүрөк сымал мекенимди,

Таза кармап , көз каректей сактайлы.

Таза коом -биздин келечек.
М.Бекболотов мектебинде 2024-жылдын эсебинен 31-алма көчөт, 41-роза олтургузулду.  Узаган жылы Кыргызстан боюнча 6млн көчөт отургузулган.  Анын ичинен 70 пайызы көктөгөн. Көчөт олтургузуу менен биз жергебиздеги абаны аз да болсо тазарта алдык.