Моя прикольная доска Padlet by ЖАНЫЛ2023 ЭРМЕКОВА

Макал-лакаптар
Ата - аска тоо, эне-боорундагы АТА ушундай зат, анын бут кийими чоң болгонуна карабай кийип көрөсүң.АТА ушундай зат, күн бою эмгектенип, акча таап, сенин курсагыңды тойгузат, окутуп, адам катарына кошуу үчүн тынбай аракетте болгон мээнеткеч инсан… Ал күн бою мээнет кылат. Кайсы учур болбосун ал дайым тоодой түйшүктөр менен жүрөт. Сени багам деп иштеп жүрүп, ар кандай кагуу-силкүү, көңүл үшүтөөрлүк сөздөрдү да укпай койбойт...
Жетекчисинен катуу сөз угуп эле калбастан, айрым адамдар менен пикири келишпей, көңүлү чөгүп калышы да мүмкүн. Бирок ал мунун баарын көтөрөт. Анысы аз келгенсип, үйгө бара жатканда көңүл ооруткан сөздөрдүн баарын сыртка калтырып, ар дайымдай дүкөнгө кирип, сен үчүн шириндиктерди алып келген да АТА… Жашоо түйшүктөрү анын жүзүн нечендеген бырышка бөлөгөн болсо да, ал сенин ар бир күлкүңө , кубанычына шерик болуп биргеликте күлө ала турган инсан да АТА … Сени кучактап бардык түйшүктөрүн, кыйынчылыктарын унутат...
АТА ушундай адам, жумуштан келе жатканда шашылып, сен үчүн момпосуй албаганын билген соң, эшик босогосуна жеткенин карабай, кайра дүкөнгө барып, сен үчүн шириндик алып келет. Бирок ал бул нерсе үчүн зерикпейт, эч качан сен үчүн кылган нерселерин милдет кылбайт. Эгер сен телефон чалып калсаң, кандай жумуш менен алек болбосун, аларды четке сүрүп, сени угууга даяр. Эгер бир нерсе сурасаң, колунан келишинче ошол суранычыңды аткарууга аракет жасайт. Аткарат дагы! Эгер табың кайтып сыркоолоп калсаң, ата байкуш өзүн коёорго жай таппай калат. Жада калса сен үчүн жанын да берүүгө даяр. Жоро-жолдошторунун жанында, сенин бар экендигиңди айтып мактанат. “Бул менин уулум, жөлөгүм, кеңешчим, менин бар дүнүйөм”,- деп айтат. Атаң байкуш сенин бар экендигине кубанат...

Жакшы кыз жакадагы кундуз
Кыздуу ата-эне анын өмүрү кызыктуу, шаңдуу болушуна көңүл бурушу керек. Кызды көп урушуп, көңүлүн калтырбаш керек. Үй-бүлөсү дайыма колдоп, коргойт экенине ишенип чоңоюш керек. Мүмкүн болсо белектер менен кубантып турган жакшы. Бирок, айткандарынын баарын орундатып, эркелетүүнүн кереги жок. Кыз балага ачык түстөгү, гүлдүү кийимдерди кийгизип чоңойтуңуз. Бул анын көңүлү көтөрүлүп жүрүшүнө таасирин тийгизет.

Эне-ыйык зат
Эне — бул тынчтыктын жана мээримдин символу. Эне — бул жалган дүйнөнүн жарыгы, жылуулугу. Адамзат башына келген бактыны да, мүшкүлдү да көтөрө билген зор касиетке ээ. Эненин балага болгон сүйүүсү көтөрө албаган оорчулук жок экендигин жакшы билебиз. Эненин адамзатына берген үч белеги бар экен. Анын биринчиси — жашоо, экинчиси — сүйүү, анан — түшүнүү. Бизди өз энебиздей эч ким эч качан түшүнө албайт. Эне жүрөгү — бул түбү жок чалкыган мейкиндик. Ал мейкиндикте ар дайым кечиримдүүлүк табылат. Энелердей бизди эч ким эч качан чын дилинен кечире албайт. Эненин сүйүүсүндөй айкөл сүйүү башка жок. Эне өзүнүн сүйүүсү үчүн эч нерсе талап кылбайт. Мына ошондон улам Мухаммед пайгамбарыбыз «Бейиш эненин таман алдында» деп айтып кеткен экен. Эне үчүн баласы канча жашка чыкса да бала бойдон калат. Ошондон улам эл арасында «Энеси бар адамдар эч качан картайбайт» деген учкул кеп калган. «Улуттун келечеги — энелердин колунда» деген да накыл кеп бар. Бул абдан туура айтылган кеп. Энелердин берген тарбиясы, мээрими улуттун келечегине жасаган камкордугу болуп эсептелет. Ошондон улам «Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың» деген учкул кеп калган. Ал эми биздин уябыз бул энелердин үйдөн берген тарбиясы. Энелерди мактап, даңктаганга, алардын улуулугун жеткире сүрөттөп айтып бергенге сөздүн да күчү жетпес. Жер каймактап, адам баласы жер жүзүнө пайда болгондон тарта эне тууралуу кандай гана накыл кептер айтылбады. Кандай гана улуу чыгармалар жаралбады. Бирок, бул да аздык кылат. Анткени биз энелердин алдында ар дайым карыз жанбыз. Андыктан бул келаткан майрамдын алдында жалпы Энелерге чың ден-соолук, узун өмүр, бакыт-таалай каалайм. Уулдан урмат, кыздарынан сый көрүп, жүздөрүнөн жылмаюу кетпей өмүр сүрүшсүн. Бар болгула энелер!

Жакшы уул асмандагы жылдыз
Адам бол акылды жыйнаган,
Абийирди баарынан бийик кой.
Урууңдан уурулук чыкпаган,
Кулунум ушуну билип кой.

Мээнет кыл, жалкоолук жарытпас,
Өткүр бол душмандан жалтанбай.
Эркексин,эркекче жашоо кыл,
Күн чыккан тарапка кактанбай.

Кумарды иш дебе эп көрүп,
Эринчээк аталба кеп болуп.
Элиңдин түйшүгү сеники,
Керекпи, жан бергин чеп болуп.

Айкөл бол кулунум айкөл бол,
Зыяның тийгизбе ташка да.
Тирүүлүк ар жолго жетелейт,
Тиз чөкпө Кудайдан башкага.

Чөйрөңдү тазала,таза бол,
Жети атаң баспаган жаман жол.
Мен сага тубөлүк эмесмин,
Мен жокто адам бол,адам бол.

Башыңда жалгыздык бир күнү,
Ошондо окуп тур, сактап кой.
Мен мейли раазымын чырагым,
Апаңдын ак сүтүн актап кой.

Уй-було
Үй-бүлө - өз жарандарынын жана мыйзамдар менен сүйүү жана урмат көрсөтүү менен түзүлгөн кичинекей мамлекет болуп саналат. Ар бир күчтүү жана Ынтымактуу үй-бүлө, анын бүтүндүгүн сактоо, коомдун бул топко жардам берүү үчүн, анын үй-бүлө баалуулуктары бар.

үй-бүлөнүн негизги баалуулуктары

Адамдар үй-бүлө кимге - жашоодогу негизги мааниси, бардык үй-биримдиги, ишеним жана сүйүү менен бекемдеп, белгилүү бир адеп-ахлак нормаларына бекем карманууга аракеттенишет.