Тазалыкты сактайлы кичи долбоору by Ayjamal Meymanbekova

Жердин экологиялык маселелери
Адамзаттын тарыхы жаратылыш тарыхы менен бекем байланыштуу. Бүгүнкү күндө адам менен жаратылыштын өз ара алакасы экологиялык глобалдуу маселелерге айланды. Адам баласы жаралгандан баштап эле табият менен тыгыз байланышта жашаган. Өзүнө керектүү тамак-ашты алган, жаратылыштын даяр нерселеринен үй салган, токойлорго, жарга, сууга аяр мамиле жасаган. Адамдардын санынын көбөйүшү жана өндүрүштөрдүн өсүшү курчап турган чөйрөгө көп түйшүктөрдү жаратты. Адамдардын көбү шаарларда жашайт. Аларга электр жарыгы, автомобилдер, жакшы жолдор, бийик үйлөр керектелет. Адамдар жашайт, иштейт. Натыйжада бүткүл планетага чоң маселе жараткан таштандылар көбөйөт. Жер жүзүндөгү адамдар өздөрү жашаган аймакты тазалап алышат. Токойлорду кыят же өрттөйт. Ал эми токой – бардык жандуулар үчүн такай кычкылтек чыгарып турган фабрика сымал.

глобалдуу көйгөйлөр
Автомобилдердин түтүндөрү, заводдордон жана электростанциялардан чыккан уулуу газдар, калдыктар абаны булгайт. Бул уулуу заттар жамгыр менен кошо жерге сиңет. Кислоталуу жамгыр өсүмдүктөргө зыянын тийгизип, көлмөлөрдөгү жаныбарларды ууландырат. Өндүрүш ишканаларынын иштеши менен көмүр кычкыл газы көп санда чогулат. Бул газ планетаны айланта курчап алат. Ал катмар күндү нурларын өткөрөт, бирок космоско жылуулукту чыгарбайт (парниктер сыяктуу) Бул болсо планетадагы температуранын жогорулашына алып келет. Мындай кубулуш парниктүү эффект деген аталышка ээ. Температуранын жогорулашы менен муздар эрий баштап, Дүйнөлүк мухиттин деңгээли көтөрүлүп, Жердин климаты өзгөрүүгө дуушар болду.

Долбоордун актуалдуулугу
глобалдык, региондук жана улуттук деңгээлде катталган экологиялык проблемалардын жыйындысы. Ага Дүйнөлүк океандын булганышы, минералдык ресурстардын түгөнүшү, «озон тешиги», парниктик эффект, кислоталуу жаан-чачын, чөлдөшүү, топурак кыртышынын деградациясы, токойсуздануу, радиоактивдүү булгануу, кен таштандыларын сактоо проблемалары, эл аралык апаат аймактардын пайда болушу (Арал, Чернобыль ж. б.), өсүмдүк (лепидодендрон, сигиллярия ж. б.) менен жаныбар (мамонт, тур, Стеллер ую, баштыкчан карышкыр, дронт, саякатчы көгүчкөн, каролина тотукушу ж. б.), түрлөрүнүн жоголушу, кылым оорулары («СПИД», рак ж. б.) кирет.

Долбоордун максаты
1.Экологиялык проблемалар жөнундө жалпы тушунук.
2.Глобалдуу  көйгөйлөр
3. Кыргызыстандын  экологиялык  көйгөйлөру

Долбоорду ишке ашыруу
Долбоорду  ишке  ашыруу үчүн мекеме кызматкерлери, ата-энелер, окуучулар жана мектеп кызматкерлери салымын кошо алышат.

Кыргызстандын экологиялык көйгөйлөрү
Кыргызстандын экологиялык көйгөйү – бул бири-бирине көз каранды, бири-бири менен байланышкан жалпы жана локалдык, улуттук кызыкчылыктарды бириктирген өтө татаал система.

Бул экологиялык проблемалардан төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот:

Негизинен болуп, табигый кырсыктар(көчкү,сел жүрүү,жер титирөө) ж.б.эсептелет.Азыркы учурда Кыргызстандын ири шаарларында анын ичинде  Кара-Көл шаарындагы автозаправкалар шаардын чок ортосуна курулгандыктан, калк көп чогулган жерде элдин массалык коопсуздугуна, анын ичинде экологиялык коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө, жарылуу болуп кетсе ким жооп берет?

Экологиялык нормаларын, курулуш стандарттарынын нормаларын кайра карап чыгып, шаар ичиндеги автозаправкаларды шаардын четине көчүрүү мезгилдин заманбап талабы экенинин унутпасак.

Жаратылыш байлыктарын пайдаланууда сыртка чыгарылган (экспортко) жаныбарлар дүйнөсүнүн түрлөрүнө, продукцияларына уруксат берүүдө, көзөмөл кылууда, ошондой эле өсүмдүктөр дүйнөсүнүн түрлөрүн жыйноодо, дары-дармек чөптөрдү сыртка чыгарууда, (экспорт) пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин башкармалыктардын, шаардык, райондук инспекцияларынын түздөн-түз көзөмөлүнөн чыгып Бажы (таможня) органдары сыртка уруксатсыз чыгарууда (лицензиясы жок)