Моя совершенная доска Padlet by Sanjar Jumadilov

Ат адамдын канаты
Кыргыз элинин жашоосунда жылкы өзгөчө орунда турган жаныбарлардын катарында болуп келгендиги талашсыз. Көчмөнчүлүк турмушта жылкы унаа катары кызмат кылган. Көптөгөн оюн-зооктор жылкы менен байланышта болуп, жылкынын негизинде уюштурулган. Бара-бара заман жакшырган сайын жылкы дагы кыргыз элинин жашоосунан четке сүрүлүп экинчи орунга жылып калган сыяктуу.  Бирок, мен айтар элем: жылкыга зарылчылык болбогондон көңүлдөн сырт калып кетип жатат деген пикир туура эместигин. Болгону андай адамдар барктоо деген нерсени билбейт. Жылкыга зарылчылык болбосо да жылкыны жандай сүйгөн пенделер жок эмес. Албетте, жылкы - ар дайым тазалыктын,  сулуулуктун, ылдамдыктын жана берилгендиктин символу катары кала берет.

табун
Жылкы баласы тоют жагынан колго караган башка жаныбарлардан айырмаланып, көз карандылыгы азыраак. Угуп калганыбыз боюнча айта турган болсок, айрым жерлерде жылкылар таптакыр колго токтобогондуктан жапайы болуп да кеткен. Жапайы жылкылардын эл аралык аталышы - Табун.

монголия
Жылкы же ат жөнүндө кеңири изилдеп, тереңдетип карай турган болсок, көчмөнчүлүктөгү Монголия эске келет. Тарыхтан окуганда деле, кинодон көргөндө деле алардын негизи унаасы жылкы экендигин көрөбүз. Жылкы моңголдордун каны менен, жаны менен жуурулушкан эң ыйык да, эң улук да жаныбары экенги талашсыз чындык чыгар.

Көк бөрү
Көк бөрү оюну азыркы учурда дүйнө жүзүнө аздап болсун жайылып бара жаткан оюндардын бири болуп саналат. Бул оюндагы эң эле көзгө көрунө турган нерсе андагы аргымактар. Оюн учурунда айрым аттарды көрүп чынында да таң каласың, адамдан өтүп акылдуулук менен чуркап, үстүндөгү чабандестин оюн окуп жаткансып бири-бири менен түртүшуп жаткан аттарды көруп жылкынын укмуштуу жаныбар экендигине ынанасың.

Жылкынын күлүктүгү
"Желжетпес", "Учар", "Каракыз" ж.б.у.с чарчабас атыккан өзгочө жылкылар да көз жоосун алат.

жылкы жөнүнө жазылган акындардын ырларынан...
Ат кыргыздын канаты – Муса Жангазиев

Тоо көркүнө көзүм такыр тойбогон,
Көргөн кезде абамдарды ойлоном:
Көчүп жүрүп оюн-кырын кыдырып
Адырында ат чабышып ойногон.

Улак тартып ойго, дөңгө карабай,
Ат үстүндө жаш чабандес баладай.
Душманын да ат үстүндө кыйраткан,
Кылыч сунуп, ок атсаң да жадабай.

Минген аты канат болуп кыргызга,
Атчан болсо, жеңемин деп тырмышпа.
Дабыратып чабышканын көргөндө
Жетчү сымак жетигенге, жылдызга.

Жолго чыкса ат куйругу түйүлүп,
Аял, эркек ат мингенге сүйүнүп.
Ат үстүндө абаларым жүргөндө
Айбатынан ар кыл душман бүлүнүп.

Күлүктөрүн саяпкери таптаган,
Көмөлдүрүк күмүш менен чаптаган.
Ээр токумун, куюшканын, жүгөнүн
Жөө калса да сураганга сатпаган.

жылкыдай тебишпейли
"Жаман жылкы жал күтсө, жанына торсук байлатпайт,

Жаман адам мал күтсө, жанына  коңшу жайлатпайт"-деген өңдүү кыргыздын макалдары же болбосо, "жылкы кыял"-дегендей учкул кептерибизди да эске албай коюуга болбос. Албетте, ар бир нерсенин жакшы жана жаман неррсеси болгон сыяктуу эле жылкынын да айрым терс жактары бар.

жылкыдай болобу...
Чыныгы эстетика жылкынын тула боюнда жашап жаткандай сезиле берет. Эстетика түшүнүгү албетте, масштабдуу каралары анык, бирик, жеке менин көз карашымда жылкынын сулуулугу 1-орунда!