Айгүл гүлү by Gulsun Mambetalieva

Айгүл гүлүнүн тарыхы
Эл арасында кеңири айтылып келген уламыштын маани-маңызы төмөнкүчө: "Илгери бул Карабулак аймагында бир бай жашайт экен. Анын ай чырайлуу Айгул аттуу кызы болуп өзүнүн наздыгы, сулуулугу менен башкалардан айырмаланып, адептүүлүгү жана эмгекчилдиги менен ата-энесин кубанычка бөлөп келет. Айгул бой тартып эрежеге жеткенде ай жамалы ачылып сулуу кызга айланып, ошол эле айылдагы Козулан деген баатыр, эмгекчил жигитти сүйүп калат. Эки жаштын ата-энеси да балдарынын купул сезимдерин байкап калышып билдирбестен той камын коро башташат.

Бирок, какаганга муштаган болуп бир ирет баскынчы душмандар менен болгон катуу кармашта Козулан тарап жеңилип, баатыр Козулан багынып бергиси келбестен кашык каны калганча салгылашып жатып каза болот.

Айгул гүлүнүн мекени
Баткен областы Республикабыздын башка областтарынан айырмаланып өрүкзардын мекени. Бул өрөөндө өзүнүн татымдуулугу боюнча балдан кем эмес, асыл баалуу түркүн сорттогу өрүктөрдүн даамы менен даңазаланып келет. Ал гана турсун дүйнөдө сейрек кездешкен Айгул гүлү да ушул областын аймагынан орун алып келет.

Эл арасында кеңири айтылып келген уламыштын маани-маңызы төмөнкүчө: "Илгери бул Карабулак аймагында бир бай жашайт экен. Анын ай чырайлуу Айгул аттуу кызы болуп өзүнүн наздыгы, сулуулугу менен башкалардан айырмаланып, адептүүлүгү жана эмгекчилдиги менен ата-энесин кубанычка бөлөп келет. Айгул бой тартып эрежеге жеткенде ай жамалы ачылып сулуу кызга айланып, ошол эле айылдагы Козулан деген баатыр, эмгекчил жигитти сүйүп калат. Эки жаштын ата-энеси да балдарынын купул сезимдерин байкап калышып билдирбестен той камын коро башташат.

Ажайып кооз Айгул гүлү
Табиятынан кооз гүл аталган Айгул гүлү илимий эмгектерде "Петимум Эдуарда" же орусча "Рябчик Эдуарда" д.а. Бул ажайып кооз гүл жалаң гана таштуу жерлерде өсүп, тамыры да терең жайгашкан. Бир караганда гүлдүн ичинен чоң шүүдүрүм тамчыларды байкоого болот. Жергиликтүү эл ушуну сүйүшкөн эки жаштын көз жашы деп аташат.

Айгүл гүлүнүн азыркы абалы
Айгүл кызыл китепке киргени менен аны мамлекеттик деңгээлде корукка алуу маселеси ушул күнгө дейре чечилбей келет. Өткөн кылымдын 80-жылдарынын башында гүл жоголуп кетүү коркунучу туулуп, ошол жердеги Карабулак орто мектебинин мугалимдери окуучулар менен кошо аны сактап калуу аракетин көрө баштаган. Анын натыйжасында гүл өскөн аянт бир топ көбөйгөн. Ошондон бери жыл сайын гүл ачылган маалда жергиликтүү мектеп жамааты окуучулары менен аны корукка алышып, кезек менен кайтарууга алышат. Бирок ошого карабай соңку жылдарда гүлдү үзүп кеткендер көбөйүп, анын аянты азайууда дешет жергиликтүү тургундар.