Көрнөк - жарнактар качан кыргызча сүйлөйт? by Алтынай Аданова

КӨЙГӨЙ: Ката жазылган көрнөктөрдөн качан арылабыз?
Жазуудагы сөздөргө ким түшүндү?

Бул көйгөйдү көтөрүүнүн максаты
Көрнөк-жарнактар мамлекетибиздин  жүзү. Аларды карап туруп, кээде Кыргызстанда жашаганыңа ишенбей кетесиң. Бекеринен "Эшигин көрүп, төрүнө өт " деген эл макалы айтылбаса керек.  Тилекке каршы, көрнөк- жарнактардын  көпчүлүгү  ушул күнгө чейин мамлекеттик тилде жазылбай келет.

Мунун себеби бирөө гана! Анткени өлкөбүздө жарнак менен көрнөктүн тилин так аныктаган мыйзам жок. Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-декабрындагы № 155, 2009-жылдын 17-июлундагы №228 «Жарнак жөнүндө» мыйзамында жарнак-көрнөктөр мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн деп түз айтылган эмес, тескерисинче өлкө ичинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жарнамалоо иштери расмий тилдерде (Кыргызстанда расмий тил — бир гана орус тили), ал эми жарыя берүүлөр жарнама берүүчүнүн өз тилинде же өзү каалаган тилде жүргүзсө болору белгиленген.

Натыйжада ар түрдүү тилде жазылган көрнөктөр жаандан кийинки козу карындай жайнап кеткен.

Ушуларды жоготуу, мамлекеттик тилде жазылган көрнөктөргө алмаштыруу --биздин максатыбыз.

Көрнөк жарнактардын мамлекеттик тилде жазылышына жетишүү керек.

Ушул максатка жетүү үчүн эмне кылуу керек?
Бул маселени жогорку платформадан көтөрүү керек.Ал үчүн бул маселени калктын көпчүлүк катмарына жеткиликтүү болгон соцтармактардан кенен аудиторияда туруп талкуулашыбыз керек.

Көпчүлүк адамдар мындайда дароо эле «Очойгон акчалар бөлүнүп жатпайбы! Тил комиссиясы эмне кылып отурат! Карабайбы!» деп киришет. Мындай мамиле таптакыр туура эмес. Ар бир атуулдун жүрөгүндө ошол «Тил комиссиясы» болууга тийиш!  Ансыз болбойт!

Көйгөйдү чечүүнүн жолдору:
1-ден 1998-жылдын 24-декабрындагы    № 155, 2009-жылдын 17-июлундагы №228 токтомдорго өзгөртүү киргизүү керек. Анткени бул нерсе сөзсүз мыйзамдаш-тырылышы керек;

2-ден ар бир атуулдун, меймандын  жүрөгүндө мамлеке-тик тилге болгон сый - урмат сезими ойгонушу керек;

3-дөн ар бир жазылган дүкөндүн аты болсун, мейли көчөнүн аты, мейли жарыя үчүн жазылган баннер болсун баары Мамлекеттик тил комиссиясынын элегинен өтүшү керек;

4-дөн Мамлекеттик тилдин статусунун деңгээлин жогорулатуу, артыкчылык берилиши керек.

Ушул проекттин алкагында кандай иш-аракет жасалат( күтү-лүүчү натыйжа)?
1-ден кыргыз катары, Кыргызстандын жараны катары  Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышына кайдыгер карабайм,  үлүшүмдү кошомун;

2-ден  кыргыз тили жана адабияты мугалим катары окуучуларымдын сабаттуу жазуусуна жетишүүгө аракет кыламын;

3-дөн көпчүлүк көрнөктөрдүн ээлери ката жазылгандарды алмаштырат;

4-дөн көрнөктөр алгач мамлекеттик тилде, андан кийин официалдуу тилде жазылат;

5-ден чалды-куйду биз түшүнбөгөн тилдеги көрнөктөр жоголот.

Жыйынтык
Натыйжада көрнөк -жарнак-тар жөнүдөгү мыйзам кайра карала баштады.  Болгондо да анда ким ката жазса,   айып салуучу мыйзам долбоору талкууланып жатат. Бул албетте жоопкерчиликти күчөтөт.

Мен бул мыйзам долбоорун колдойм, сизчи замандаш?