Кыргыз тили by Kenjekan Seiitbaeva

Зат атоочтор
Айланабыздагы баардык жандуу жана жансыз заттардын аталыштары зат атооч деп аталат.

Сөздүк курамына карай :

•жөнөкөй зат атооч-бир гана сөздөн турат.

М:нур,калем,апа,балалык

•татаал зат атооч -эки же андан көп сөздөн турат .

М:ата-эне,кол кап,Ак-Сай,КР

Морфологиялык түзүлүшүнө карай :

тубаса зат атооч-башка сөздөн жасалбаган уңгу зат атоочтор (мектеп,алтын ,үй)

туунду зат атооч-уңгу сөзгө сөз жасоочу мүчөлөрдүн улануусу менен жасалгае зат атоочтор (мал+чы,аш+кана,бил+ым)

Заттардын табияты боюнча:

конкреттүү зат атооч-кармоого,саноого жана элестетүүгө мүмкүн болгон заттарды атаган сөздөр (гүл,чыны,адам)

абстракттуу зат атооч-кармоого,саноого жана элестетүүгө мүмкүн болбогон заттарды атаган сөздөр (сезим,ой,көмөк )

Заттарды атоо касиети боюнча:

Жалпы зат атооч-бир түрдүү заттарга жалпылана коюлган аттар .Алар айрым,жеке заттардын аттарын билгизбестен,бир өңчөй заттарды жалпы жонунан атап көрсөтөт. М:адам,чыны,бала,терек,жууркан,килем,араба,чагылган,мөндүр,өткүн,кой ж.б.

Энчилүү зат атооч-жеке заттардын керт башына энчиленип берилген аттар кирет .Энчилүү ат бир текке кирүүчү заттардын ичинен бирөөнүн атайын айырмалап, бөлүп атоо үчүн кызмат кылат.

М:Керим, Нарын, Чалкуйрук, Үркөр;

Энчилүү зат атоочтордун орфографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1.Адамдардын жана жаныбарлардын энчилүү аттары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

—Адамдардын аты-жөнү баш тамга менен жазылат :Карымшаков Эрмек,Асаналиева Салкын Асаналиевна ,Брюс Ли .

—Эки же андан көп сөздөн турган адам аттары бирге жазылат :Султанмурат ,Молдакмат ,Уулбүбү ,Керимаалы ж.б.

■Эрежеден тыш учур:Жаңыл Мырза,Тоголок Молдо,Молдо Кылыч,Асан Кайгы сыяктуу элге кеңири таанымал адамдардын ылакапка айланган ысымдары ар бири баш тамга менен ,эки бөлөк жазылат .

—Адам аттарынын уулу ,кызы деген бөлүгү кичине тамга менен бөлөк жазылат:Назира Омор кызы ,Эрбол Сагындык уулу ж.б.

—Адам аттарына -лык,-изм,-чы,-чыл сыяктуу сөз жасоочу мүчөлөр уланганда ,алар жалпы атка өтүп кеткендиктен ,кичине тамга менен жазылат :Маркс+изм=марксизм,Айтматов+лык=айтматовдук окуулар ,Ленин+чыл=ленинчилдер ж.б.

—Жаныбарларга берилген энчилүү аттар баш тамга менен башталып ,эки же андан ашык сөздөн турса да ,бирге жазылат :Суречки(Сурэчки эмес),Тайбуурул,Аккула,Актөш,Бөрүбасар ж.б.

2. Эл,уруу,урук аттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

—Элдин,уруунун ,уруктун аталыштары кичине тамга менен жазылат :кыргыз,казак,өзбек,солто,бугу,союл ж.б.

—Эки сөздөн турган уруу аттары бирге жазылат :сарбагыш,элчибай,каракытай ж.б.

3.Географиялык энчилүү аттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

—Географиялык энчилүү аттар баш тамга менен жазылат :Бишкек,Алматы,Индия,Корея,Атлантида ж.б.

Сан атоочтор
Сан атооч - заттын санын, ɵлчɵмʏн билдирип, канча? нече? канчанчы? неченчи? деген суроолорго жооп берет.

Сан атооч алтыга бɵлʏнɵт.

Эсептик сан атооч

Заттын жалпы санын кɵрсɵтʏп, канча? нече? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Республикада жети облус бар (облус - канча? жети)

Иреттик сан атооч

Заттын катарын, иретин кɵрсɵтʏп, канчанчы? неченчи? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Биз экинчи кабатта окуйбуз (кабатта - канчанчы? экинчи)

Жандама сан атооч

Жандама сан атооч жандап турат. Мисалы: Бул экөө үйүнө кетип жатышат.

Чамалама сан атооч

Чамалама сан атооч чамалама турат. Мисалы: төрт-бештей жоочун кишилер келди.

Топ сан атооч

Бөлчөк сан атооч

Бөлчөк — бирдиктин бүтүн сандагы барабар үлүштөрүнөн турган сан.Мисалы:отуздан он алты класстагы окуучулар физикадан беш алышты.

сын атооч
Сын атооч- заттын өңүн, түсүн сынын,сапатын, даамын, формасын жана башка көрсөтүп, кандай? кайсы? деген суроолорго жооп берген сөздөр сын атооч деп аталат. М и с а л ы: кызыл, сары, жашыл, таттуу, ачуу, тоголок, жумшак жана башка. Сын атооч сүйлөм ичинде көбүнчө баяндоочтук, аныктоочтук, бышыктоочтук милдетти аткарат.Мисалы: Акылдуунун сөзү кыска . Жакшы адамдын белгиси эл камы үчүн жүгүрөт, жаман адам белгиси өз камы үчүн күйүнөт. Бали, азаматтар, жакшы иштедиңер.

Тактоочтор
Тактооч – кыймыл-аракеттин бардык кырдаалын көрсөтүп, морфологиялык жактан дээрлик өзгөрбөгөн, көбүнчө этиш менен айкалышып, сүйлөмдө бышыктоочтук милдет аткарган сөз түркүмү. Дүйнөлүк тилдердин көбүндө бар. Кыргыз тилинде тактоочтор морфологиялык түзүлүшү жагынан тубаса (мисалы, ылдам, бат, кийин, ары) жана туунду (мисалы, адамча, ылдамдай, өзүңөрчө) түрүндө болот. Лексика-грамматикалык маанисине карай эки чоң топко бөлүнөт: бышыктагыч тактооч жана аныктагыч тактооч. Бышыктагыч тактооч өз ара мезгил бышыктагыч тактооч (мисалы, азыр, анан, эрте, башта), орун бышыктагыч тактооч (мисалы, жогору, төмөн, ары, артка), себеп жана максат бышыктагыч тактооч (атайын, аргасыздан, эрксизден, жиндиликтен) деп бир нече топко ажырайт. Ал эми аныктагыч тактооч сын-сыпат аныктагыч тактооч (мисалы, акырын, тез, бирге, көзүнчө) жана сан-өлчөм аныктагыч тактооч (мисалы, ошончолук, бир-бирден) деген топтон турат. Тактооч морфологиялык жана синтаксистик жол менен жасалат. Тактоочтук маани туюнтчу фразеологиялык бирдиктер да бар (мисалы, көз ачып жумгуча, төөнүн куйругу жерге тийгенде).

Этиш
Этиш — Заттын кыймыл-аракетин, ал-абалын билдирүүчү сөз түркүмү этиш деп аталат. Этиштер эмне кылды ? эмне кылып жатат? эмне болуп жатат ? кантет ? деген сыяктуу суроолорго жооп берет. Мисалга: Эшмат топ тепти. Айгүл гүлдөргө суу куюп жатат. Булактан суу агып жатат. Айылга жакында барам.

Жөнөкөй жана татаал этиштер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Этиштер түзүлүшүнө жараша татаал жана жөнөкөй болуп бөлүнөт.

Жөнөкөй этиштер – бир сөздөн куралган этиштер. Мисалы: бар, кел, ойно, жаз, тур, оку, кет, кел, жат.

Татаал этиштер – эки же андан ашык сөздөрдөн куралган этиштер. Мисалы: бара кет, ойноп жүр, жазып кет, жыгылып кете жаздадым, ойноп отура бердим.

Ат атоочтор
Ат атооч — башка сөз түркүмдөрүнүн ордуна колдонулуп, заттарды, түшүнүктөрдү же заттардын кайсы бир белгилерин атабастан туруп, аларды жалпылап көрсөткөн сөз түркүмү.

Маанилик түрлөрү

Ат атооч маанилик түрүнө карай 6 топко бөлүнөт:

Жактама ат атооч - үч жактын бирине таандык болот (сүйлөөчү, тыңдоочу жана сөзгө катышпаган тараптар ) М :мен,сен(сиз ),ал, биз, силер, алар

Шилтеме ат атооч - бирөөнү шилтөө аркылуу көрсөткөн ат атоочтор .М:бул(бу), ушул(ушу), тиги(л), тээтигил, ал Эскертүү: Шилтеме ат атоочтор өзүнчө да, зат атооч менен бирге да колдонулушу мүмкүн. Зат атооч менен бирге колдонулганда, ал ат атоочу да шилтемелердин катарына кирип калат. М:Ушул китеп, бул китеп, ал китеп

Аныктама ат атооч - заттарды, түшүнүктөрдү жалпылап бир топко бириктирип же топтон жалгыздатып бөлүп көрсөткөн сөздөр. М:ар бир, ар ким, ар нерсе, ар кайсы ж.б. Аныктама ат атоочтун түрлөрү: а) Жалпылагыч ( баары, бүт, бардык, бүткүл, бүтүн,) б) Жиктегич(ар ким, ар кайсы, ар бир, ар кандай,) в) Өздүк (өз)

Сурама ат атооч - белгисиз түшүнүктөрдүн атын атап берүү максатында аларды аныктоо үчүн колдонулган ат атоочтор. М:ким?, эмне?, нече?, кандай?, качан?, кайда?, кана?

Белгисиз ат атооч - заттардын же түшүнүктөрдүн белгисиз экенин билгизген ат атоочтор . Түрлөрү: а)Заттын белгисиздигин билгизгендер: бир нерсе, бирдеме, кимдир бирөө б) Сыпаттын белгисиздигин билдиргендер:кандайдыр бир, кайсы бир, кай бир в) Сандын белгисиздигин билдиргендер: бир нече, бир канча, алда канча

Тангыч ат атооч - айтыла турган заттын, мезгилдин, касиеттин, орундун жок экендигин билдирген ат атоочтор. М:эч нерсе, эч ким, эчтеке, эчтеме, эч кандай, эч кайсы, эч бир, эч качан, эч кайда