Моя крышесносная доска Padlet by Bermet TOKTORALI

Айтматов Чыңгыз Төрөкулович
Макала

Талкуу

Окуу

Булагын көрүү

Тарыхын кароо

Аспап кутусу

Чыңгыз Айтматов

Туулган жери:

Шекер айылы, Кара-Буура району, Талас облусу , Кыргыз АССР, РСФСР, ССРС, Кыргызстан

Жарандыгы:

ССРС → Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

прозаик

Багыты:

социалисттик реализм

Чыгармаларынын тилдери:

кыргыз, орус

Бааланганы:

Ленин сыйлыгы — 1963 ССРС мамлекеттик сыйлыгы — 1968 ССРС мамлекеттик сыйлыгы — 1977 ССРС мамлекеттик сыйлыгы — 1983

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын Баатыры Социалисттик Эмгектин Баатыры

1- даражадагы «Манас» орденинин ээси

Достук ордени

Дустлик Орденинин кавалери

Ленин Ордени Ленин Ордени Октябрь Революциясы Ордени Эмгек Кызыл Туу ордени

Эмгек Кызыл Туу ордени Элдер Достугу Ордени

Жылмайуу Ордени

Эмгеги үчүн Офицер Ордени

Айтматов Чыңгыз Төрөкулович (1928-2008) — кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, Кыргыз ССРнин эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Кыскача өмүр таржымалы

Балалыгы

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы ССРСдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу. Чоң атасы Айтмат кыргыздын Кытай уруусунан чыккан бай кишининуулу болгон.

Атасы Төрөкул Айтматов адегенде 1927-жылдан тартып, 1932-жылга чейин большевиктер партиясынын Жалал-Абад кантонунун биринчи катчысы, андан соң Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Андан соң Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.

Апасы Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча татар. Чыңгыздын таятасы Хамза - караколдук бай жана айдың татар соодагери болгон. Азыр да Каракол шаарында Хамзанын эки кабат үйү сакталып турат. Нагима жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон.

1942-жылы II Дүйнөлүк согуштункесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арапча же латынча жазмаларын билишкен).